Бүгүн Баткен областтык сотунда коррупцияны алдын алуу жана мамлекеттик кызматтагы этикалык стандарттарды бекемдөө боюнча маанилүү кеңешме өттү.
Жыйынды ачып жатып, Баткен областтык сотунун төрагасынын м.а. Жаналы Батырбеков 7-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасы Медербек Сатыев жергиликтүү соттор менен онлайн-кеңешме өткөргөнүн, кеңешмеде айтылган маселелер боюнча маалымдады.
Кеңешмеде коррупцияга каршы күрөшүү, кызматтык жүрүм-турум эрежелери жана кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо жолдору боюнча пикир алмашылды. Ошондой эле соттун ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана жарандардын сотко болгон ишенимин бекемдөө чаралары талкууланды.
Иш-чаранын соңунда Жаналы Батырбеков адилеттүүлүк жана мыйзамдуулукту сактоо — сот системасынын аброюн камсыздоонун негизи экенин белгиледи.