KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Баткен облустук сотунда коррупцияга каршы күрөшүү жана этикалык нормаларды бекемдөө чаралары талкууланды

11 апреля 2025


Бүгүн, Баткен областтык сотунда Азамат Алдашовдун жетекчилигинде коррупцияга каршы күрөшүү жана сот кызматкерлеринин этикалык стандарттарын бекемдөө маселелерине арналган жумушчу жыйын өткөрүлдү.


Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар мыйзамдарды жана этикалык нормаларды кесиптик иш-аракеттерде сактоонун чоң маанисин талкуулашты. Ошондой эле, иштин ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана коллективде жоопкерчиликти бекемдөө боюнча пикир алмашылды.


Андан сырткары, мыйзам бузуулардын алдын алуу жана мыйзамдуулук маданиятын калыптандыруу боюнча сунуштар берилип, бул иш чаралар жарандардын сотко болгон ишеничин калыптандырып, сот тутумунун аброюн жогорулатууга көмөктөшөрү айтылды.


Төрага Азамат Алдашов, “Ар бир кызматкер мыйзамды жана этикалык нормаларды сактоодо жеке жоопкерчиликке ээ болушу керек, бул биздин коллективге болгон ишеничти бекемдеп, бүтүндөй сот тутумунун коомдогу аброюн аныктайт” – деп белгиледи.


леди.