Баткен облустук сотунун судьялары Баткен шаарынын карыяларына зыярат кылышты
Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басарлары Кундуз Абышова жана Наргиза Кувандыкова Баткен шаарынын тургундары 92 жаштагы Алимахан Эркебаева жана 90 жаштагы Зулпу Абдраимовадан кабар алышып, белектерин тартуулашты.
Судьялар энелерге ден-соолук, бакубат жашоо каалап, улуу муундун өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арналган эмгеги бийик бааланарын белгилеп өттүштү.




