Баткен облустук ички иштер башкармалыгында Тергөө кызматынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылган кеңешме болуп өттү.
Аталган иш-чарага Баткен облустук сотунун судьясы Бактыбек Султанканов катышып, сот жана тергөө органдарынын өз ара кызматташуусун чыңдоо, электрондук кылмыш иштерин мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү, ошондой эле сот өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган маселелер боюнча өз пикирин билдирди.
Мындан тышкары, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, тергөөнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле сот жана укук коргоо органдарынын мыйзам талаптарына ылайык натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу боюнча сунуш-пикирлер айтылды.
Мындай жолугушуулар сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун бекемдөөгө, мыйзамдуулукту камсыз кылууга жана жарандардын укук-мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.




