KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Баткен облустук сотунун төрагасы Азамат Алдашов Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын жана Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы жергиликтүү эл менен жолугушууга катышты

13 мая 2026

2026-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун жетекчилиги алдында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүлдү.



Жыйынга облус башчысы менен бирге облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, ар бир жарандын кайрылуусу боюнча жекече түшүндүрмө берип, тиешелүү иштерди алып барууда.



Кызыл-Кыя шаарынын жана Үч-Коргон айыл аймактарынын тургундары менен жолугушууда, жарандарды түйшөлткөн маселелер, аймактарды өнүктүрүү, жаңы конуштарды электр энергиясы менен камсыз кылуу, таза суу, мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусу боюнча пикир алышуу болду.



Жолугушууда жарандардын кайрылуулары угулуп, көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан маалымат жана түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле эл менен ачык диалог жүргүзүп, жергиликтүү көйгөйлөрдү өз убагында чечүү боюнча биргелешкен ишти күчөтүү зарылдыгы белгиленди.