KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Баткен облусунан сүрөт сынагынын катышуучусуна Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун белектери тапшырылды

29 декабря 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын буйругунун негизинде жарыяланган “Манастын руху – улуттук дем жана улуттук нарк” аттуу сүрөт сынагынын алкагында, Баткен облустук, райондук жана шаардык соттор тарабынан 14 жашка чейинки сот кызматкерлеринин балдары арасында сүрөт сынагы өткөрүлгөн.



Сынактын жыйынтыгында «мыкты» деп табылган сүрөттөрдүн бири Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жөнөтүлүп, республикалык деңгээлдеги тандоого катышкан.



Жогорку сотто сүрөт сынагын тандоодо жеңүүчүлөр аныкталып, катышуучуларга баалуу белектер жөнөтүлгөн.



Баткен облусунан жеңүүчү деп табылган Сүлүктү шаардык сотунун улук сот приставы Турдугул Байботоевананын кызы Айгерим Абдырахмановага аталган соттун төрагасы Акылбек Турусбеков тарабынан Жогорку соттун белектери тапшырылып, жаш талантка чыгармачылык ийгиликтер кааланды.



Бул иш-чара балдардын дүйнөсүнө улуттук рухту сиңирүүдө, чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүдө жана ата мекенди сүйүүгө тарбиялоодо чоң мааниге ээ болду.