KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Баткен облусунда эл менен жолугушуулар уланууда

09 июня 2026

Кезектеги жолугушуу Баткен районунун Самаркандек жана Лейлек районунун Лейлек айыл аймагында өттү. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Баткен облустук сотунун төрагасы Азамат Алдашов катышты.



Жолугушууда жергиликтүү тургундар өздөрүн түйшөлткөн бир катар маселелерди көтөрүштү. Алар ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, жер жана жайыт тартыштыгы, электр энергиясы, социалдык объектилердин инфраструктурасын жакшыртуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти.



Облус жетекчилиги эл менен түз байланышта болуп, көйгөйлөрдү жеринен угуп, аларды чечүү боюнча иштер мындан ары да улантыларын белгиледи.



Жолугушуу ачык форматта өтүп, тургундар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, тиешелүү адистерден жоопторун алышты.