KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Баткен облусунда эл менен жолугушуулар уланууда

18 июня 2026

2026-жылдын 11-июнунда Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов баштаган облустук жетекчилер, ошондой эле Баткен облустук сотунун төрагасы Азамат Алдашов Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын жана Раззаков шаарынын тургундары менен жолугушууга катышты.



Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар аймактагы бир катар көйгөйлөрдү жана сунуш-пикирлерин ортого салышты. Калкты таза суу менен камсыздоо, айылдарды өз ара бириктирген ички жолдордун абалын жакшыртуу, жерлерди трансформациялоо, ошондой эле социалдык объектилерди оңдоо жана жаңылоо боюнча маселелер көтөрүлдү. Тургундар өздөрүн түйшөлткөн маселелерди түздөн-түз жетекчилерге жеткирип, аларды чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү.



Жолугушууда көтөрүлгөн маселелер боюнча облус жетекчиси Мамыржан Рахимов жооптуу мекемелерге бир катар тапшырмаларды берди. Ал жарандардын кайрылуулары көзөмөлгө алынып, маселелерди чечүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөрүн белгиледи.



Жетекчилер менен болгон ачык жолугушуу тургундарга өз көйгөйлөрүн түздөн-түз жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берди. Мындай жолугушуулар элдин көйгөйлөрүн өз убагында чечүүгө көмөк көрсөтөрү белгиленип, аларды өткөрүү мындан ары да улантылары маалымдалды.