KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Баткен облусунда жергиликтүү бийликтин эл менен жолугушуулары уланууда.

08 июня 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 5-июнунда, Баткен облустук сотунун төрагасы Азамат Алдашов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов жана мекеме-ишканалардын жетекчилери Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын жана Баткен шаарынын тургундары менен жолугушушту.



Жергиликтүү тургундар тарабынан турак жай маселеси, таза суу менен камсыздоо, башталгыч мектептерди салуу, ички жолдорду оңдоо жана жол инфраструктурасын жакшыртуу маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле аймакта социалдык объектилерди, анын ичинде бала бакча, маршруттук каттамдар жана башка жол коопсуздугун камсыздоо маселелери көтөрүлдү.



Мындан сырткары, тургундар сугат суунун тартыштыгы, анын тарифи, айдоо жерлерин суу менен камсыз кылуу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелерин да ортого салышты.



Жыйындын жүрүшүндө ар бир көтөрүлгөн маселе боюнча тиешелүү жетекчилер тарабынан түшүндүрмөлөр берилип, айрым көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштар айтылды. Ошондой эле эл тарабынан айтылган сунуш-пикирлер эске алынып, аймакты өнүктүрүүгө багытталган иштерди күчөтүү зарылдыгы белгиленди.