KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Баткен облусундагы судьяларга Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун төрагасынын сыйлыктары тапшырылды

17 марта 2026

5-март — Кыргыз Республикасынын сот кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Бишкек шаарында салтанаттуу иш-чара болуп өткөн. Анын алкагында Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин буйругу менен Баткен облусунун бир катар сот кызматкерлери өзгөчөлөнгөн кызматы үчүн ведомстволук сыйлыктарга ээ болушкан.



Сыйлыктарды Баткен облустук сотунун төрагасы Азамат Алдашов судьяларга салтанаттуу түрдө тапшырды.



Андан сырткары, кесиптик майрам менен катар эле, 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин атынан сот тутумунда эмгектенген айымдарга майрамдык атайын куттуктоолору жеткирилди.