Президенттин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» аттуу Уңгужол концепциясына арналган видеолекцияга Баткен облусундагы соттордун судьялары жана аппарат кызматкерлери онлайн режиминде катышышты.
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Уңгужолдун патриоттук тарбия жана коомдук өнүгүүдө маанилүү экенин белгиледи.
Ошондой эле, Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов жана Тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев баяндамалары аркылуу концепциянын мазмунун жана максатын кеңири түшүндүрүштү.
Баткен облусундагы бардык райондук жана шаардык соттор иш-чарага онлайн кошулуп, Уңгужол тууралуу терең маалымат алышты.