Бул ирет Баткен облустук соту жана Сүлүктү шаардык соту өз аймактарында ишембилик өткөрүп, кызматкерлердин активдүү катышуусу менен бир катар иштер аткарылды.
Атап айтканда, Сүлүктү шаардык сотунун жамааты имараттын айланасын тазалап, арыктарды калыбына келтирип, бак-дарактарды иретке келтиришти. Ошондой эле жашылдандыруу иштеринин алкагында 80 даана жемиш көчөттөрү — өрүк, шабдалы жана гилас отургузулду.
Ал эми, облустук соттун жамааты административдик имараттардын айланасын иретке келтирип, тосмолорду жана бак-дарактарды актоо иштерин жүргүзүштү. Ошону менен катар сот отурумдары өтүүчү залдар тазаланып, жаңыланып, сырдалды.




