2025-жылдын 20-сентябрында Баткен областынын Административдик сотунун, Сүлүктү шаардык жана Кадамжай райондук сотунун кызматкерлери ишембилик өткөрүштү.
Ишембиликтин жүрүшүндө Кадамжай райондук сотунун имаратынын айланасы ирээтке келтирилип, жер аянттары тазаланды.
Баткен облусунун Сүлүктү шаардык сотунда санитардык ишембилик өткөрүлүп, имараттын айланасы тазаланды. Жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында сот имаратынын алдына отургучтар орнотулуп, айлана-чөйрөсүнө асфальт төшөлдү.