Иш чаранын жүрүшүндө Баткен райондук сотунун төрагасы Дуйшенкул Шатманов ички иштер органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктап, өз сөзүндө милиция кызматкерлери кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана мамлекеттин коопсуздугун сактоодо эрдикти жана баатырдыкты көрсөтүп, өмүрлөрүн тобокелге салып, маанилүү кызматтык жана күжүрмөн тапшырмаларды аткарып жаткандыктарын баса белгилеп, кызматтык милдеттерин так жана ак ниеттүүлүк менен өтөшкөндөрү үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошону менен биргеликте облустук соттун атынан Баткен шаардык жана райондук ички иштер башкармалыгынын бир катар кызматкерлерине Ардак грамоталарды тапшырды.




