KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Кадамжай райондук сотунда “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолуна арналган иш-чара өткөрүлдү

29 декабря 2025

Кадамжай райондук сотунда «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында «Манас угуу декадасына» арналган иш-чара уюштурулду. Иш-чарага Ж.Мамадов атындагы маданият үйүнүн директору Абдуталиб Тешебаев жана комузчулар катышты.



Иш-чаранын жүрүшүндө райондук соттун төрагасы Автандил Матказиев катышуучуларга “Манас” эпосунун кыргыз элинин тарыхындагы жана маданий мурастарындагы орду тууралуу терең баяндама жасап, уңгужолдун негизги багыттары боюнча кеңири түшүндүрмө берди.



Мындан тышкары, Б.Айтматов атындагы орто мектептин 6-классынын окуучулары жана маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан “Манас” эпосунан үзүндүлөр көркөм аткарылып, катышуучуларга өзгөчө маанай тартууланды.



Иш-чаранын соңунда маданият кызматкери, ырчы Женишбек Тешебаевдин комуздун коштоосунда ырлары жаңырды.



Эске салсак, Баткен облустук сот тутумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан бекитилген иш-чаралар планына ылайык, КР Президентинин «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча Жарлыгын ишке ашыруу максатында «Манас» угуу декадасы өткөрүлүүдө.