KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Кызыл-Кыя шаардык соту жогорку класстын окуучуларын ачык эшик күндөрүндө кабыл алды

05 декабря 2024

Кызыл-Кыя шаардык соту жогорку класстын окуучуларына «Ачык эшиктер күнүн» уюштурду. Бул иш чара жаш муундардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуунун алкагында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын урматтоого үйрөтүү, сот тутумуна ишенимди жана сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында өткөрүлдү.



И.Раззаков атындагы «Сапат» лицейинин мугалими Бекзод Куловдун айтымында, «Окуучуларын сот тутумундагы “Ачык эшик күндөрү” иш чарасына жолугушууга алып келүүдө, ал балдарга өзгөчө жогорку класстарда, кылмыш-жаза мыйзамдарынын принциптери жөнүндө түшүнүк алып, өспүрүмдөрдү кызыктырган маселелерди судья менен талкуулап, сот ишмердүүлүгүн ичинен көрүү кесип тандоодо гана эмес, мыйзамдарды билүүнүн жана өз иш-аракеттери үчүн жоопкерчиликтин маанилүүлүгүн түшүнүүгө жардам берет» – деп белгиледи.



Сот имаратына болгон экскурсиядан кийин Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы Назгул Моютова интернет тармагында жасалган кылмыштар тууралуу профилактикалык маек куруп, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кылмыш жоопкерчилигине тартылуу курагы, кылмыштардын айрым түрлөрү боюнча жаза мөөнөттөрү тууралуу айтып берди.



Ошондой эле, жогорку класстын окуучуларын укук бузууларга жана кылмыштарга жол бербөөгө чакырып, мындан аркы жашоо жолун жана кесибин тандоодо соттуулугу же укук бузуулар менен жоопкерчиликке тартылуу жөнүндө маалыматтын болушу алардын келечегине таасир этиши мүмкүн экендигин эскертти.