Кызыл-Кыя шаардык сотунда медиация кызматкерлеринин, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн жана жактоочулардын катышуусунда шаардык соттун судьялары менен жолугушуу уюштурулду.
Иш-чарага Кызыл-Кыя шаардык сотунун төрагасы Назгүл Моютова, судьялар Назира Солпуева жана Замир Акимов, «Улуттук Медиация Борбору» КБнин Баткендеги филиалынын директору Кумара Имамова жана жергиликтүү медиация уюмунун өкүлдөрү, Кызыл-Кыя шаарынын прокурорунун улук жардамчысы Э.Тажибаева, пробация органынын адиси А.Жарматова, Кызыл-Кыя ШИИБинин тергөөчүлөрү жана жактоочулар катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө жарандык, кылмыш иштери боюнча тараптарды медиация уюмуна маалыматтык жолугушууга жөнөтүү тартиби, медиация процедурасынын артыкчылыктары жана аны соттук практикага кеңири колдонуу маселелери талкууланды. Катышуучулар талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүнүн мааниси жана медиация аркылуу тараптардын өз ара макулдашууга жетишүүсү соттук териштирүүлөрдүн санын азайтууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Шаардык соттун төрагасы Назгүл Моютова Медиация- тараптардын өз ара түшүнүүсүнө жетишүүгө, алардын ортосундагы мамилени сактап калууга жана соттук териштирүүнүн убактысын кыскартууга жардам берерин билдирип, соттор менен медиаторлордун кызматташуусун мындан дагы күчөтүү, деги эле медиация жөнүндө коомчулук арасында кеңири жайылтуу маанилүү экендигине токтолуп өттү.
Жыйындын соңунда катышуучулар медиация институтун кеңири жайылтуу, жарандарды маалыматтандыруу жана мамлекеттик органдардын, медиаторлордун жана жактоочулардын ортосундагы кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.




