KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Кызыл-Кыя шаардык сотунда «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча иш-чара өткөрүлдү

28 ноября 2025

Кызыл-Кыя шаардык сотунда Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу алкагында иш-чара өткөрүлдү.



Иш-чарага Кызыл-Кыя индустриалдык-педагогикалык колледжинин директору, профессор, уңгужол кербенинин мүчөсү Миталип Тайыров катышты.



Миталип Тайыров өз баяндамасында “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун мазмунуна кеңири токтолуп, анын мааниси, кыргыз элинин тарыхы, каада-салты, улуттук баалуулуктары жана мамлекеттик тилдин коомдогу орду тууралуу маалымат берди.



Ошондой эле, кыргыз тилин өнүктүрүү жана жаштардын улуттук аң-сезимин калыптандыруу боюнча маанилүү ой-пикирлер айтылып, сот кызматкерлеринин ортосунда кызыктуу суроо-жооптор менен коштолду.