KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы Замир Акимов кредиттик мекемелердин (банктардын) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

26 декабря 2024

Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы Замир Акимов Кызыл-Кыя шаарында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн банктардын өкүлдөрү менен жолугушту.



Жыйынга “Финка Банктын” өкүлү Үмүт Бексарыев, “Кыргызстан Банкынын” өкүлү Максытали уулу Гүлбек, “Капитал Банктын” өкүлү Кайрат Анаров, “Доскредо Банктын” өкүлү Бекжан Усеналиев, “Элдик Банктын өкүлү” Гулмира Абдукадырова, “Бакай Банктын” өкүлү Кадырбек Кайымов, “О Баныктын” өкүлү Кумарбек Кагиров, “Демир Банктын” өкүлү Шамил Кочкоров, “KICB Банктын” өкүлү Алтынбек Ашимов жана Кызыл-Кыя шаардык САКБнүн сот аткаруучусу Давлат Хашимов катышты.



Жолугушууда карызды өндүрүү, кредиттик келишимдерди түзүүдө кардарлар менен түзүлгөн келишимдин шарттарын тактоо жана кардарлар менен банктын ортосундагы мамилелерди сотко чейинки өндүрүш мүмкүнчүлүгү менен жөнгө салуу маселелери талкууланды.



Жолугушуунун соңунда судья Замир Акимов кредиттик уюмдардын өкүлдөрүн, жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана кредиттик келишимдерде белгиленген шарттарды толук түшүнүүсүн камсыз кылууга чакырды.