KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Лейлек райондук соту укуктук-маалыматтык жолугушуу өткөрдү

23 апреля 2025

Лейлек райондук сотунун төрагасы Аскат Советбек уулу №48 кесиптик лицейдин окуучулары менен укуктук-маалыматтык жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын негизги максаты — жаштар арасында укуктук билимди жайылтуу, кылмыштуулукту алдын алуу жана коомдо мыйзамдуулукту бекемдөө болду.



Жолугушууда укуктук маданиятты өнүктүрүү, жарандардын укуктары жана милдеттери, рекетизм, зомбулук, жыныстык мүнөздөгү кылмыштар сыяктуу маанилүү темалар талкууланды. Окуучуларга жарандык жана кылмыш жоопкерчилиги боюнча кеңири түшүндүрмө берилип, укук бузуулардын социалдык кесепеттери тууралуу мисалдар келтирилди. Ошондой эле, жаштарды мыйзамдуу жолдор менен көйгөйлөрдү чечүүгө үндөө жана коомдук жүрүм-турум эрежелерин сактоо зарылдыгы белгиленди.



Иш чаранын алкагында окуучулар сот аткаруучулардын иши менен таанышып, сот чечимдеринин кантип жүзөгө ашырылары тууралуу практикалык маалымат алышты. Бул жаштарга сот тутумунун иш-механизмин тереңирээк түшүнүүгө шарт түздү.