KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Лейлек райондук сотунда коррупциянын алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлдү

26 июня 2026

Лейлек райондук сотунда кызматтык милдеттерди ак ниеттүү аткаруу, мыйзамдуулукту бекемдөө жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу маселелерине арналган жыйын уюштурулду.



Жыйынга соттун төрагасы Аскат Советбек уулу, судья жана сот аппаратынын кызматкерлери катышып, коррупцияга каршы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары жана бул жааттагы мыйзамдардын талаптары тууралуу маалымат алышты.



Жыйындын жүрүшүндө кызматкерлердин кызматтык жүрүм-турум эрежелерин сактоосу, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча сунуш-пикирлер талкууланды.



Иш-чаранын соңунда мыйзамдардын талаптарын так сактоо жана кызматтык этиканы бекем кармануу ар бир мамлекеттик кызматкердин негизги милдеттеринин бири экени белгиленди.