KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Мамлекеттик алым төлөмүн онлайн төлөө сервисинин пилоттук режиминин ишке кириши

23 апреля 2025

Райондук жана шаардык соттордун кеңсе башчылары «Мамлекеттик алымды онлайн төлөө» темасы боюнча онлайн окутуудан өтүштү. Бул окутуу жаңы сервистин функционалдык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу жана аны сот органдарынын күнүмдүк ишине практикалык түрдө киргизүү максатында өткөрүлдү.



Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар сервис иштөө алгоритми, техникалык өзгөчөлүктөрү менен кеңири таанышып, жаңы системаны практикалык колдонууга байланышкан актуалдуу суроолорго жооп алышты.



Долбоордун ишке ашырылышы мамлекеттик алымды төлөө менен байланышкан убакыт жана уюштуруучулук чыгымдарды кыскартууга, ошондой эле сот органдары менен өз ара аракеттенүүнү ачык жана ыңгайлуу кылууга өбөлгө түзөт.