KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Баткен облустук сотунун төрагасы эки тараптуу жолугушууга катышты

22 июля 2026

Баткен облустук сотунун төрагасы Азамат Алдашов Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов менен Тажикстан Республикасынын Согди облусунун башчысы Раджоба Ахмадзоданын Гулистан шаарындагы расмий жолугушуусуна катышты.


Иш-чарага ошондой эле эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана чек арага жакын райондордун жана шаарлардын жетекчилери катышты.


Жолугушууда чек ара аймактарындагы коопсуздук, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо, жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүү, ошондой эле маданий-гуманитардык, жаштар, спорттук жана экономикалык кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.


Жолугушуу эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана чек ара аймактарында туруктуулукту камсыз кылуу үчүн маанилүү платформа болуп калды.