KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Лейлек райондук сотунун төрагасы аялдардын укуктарын коргоо боюнча маалыматтык иш-чарага катышты

29 апреля 2025

Лейлек райондук сотунун төрагасы Аскат Советбек уулу аялдардын укуктарын коргоого арналган «Кыргыз Республикасындагы аялдар укуктары» аттуу маалыматтык иш-чарага катышып, анда Сүлүктү шаарындагы Баткен мамлекеттик университетинде аялдар үчүн укуктук билимди жогорулатууга багытталган семинар өткөрдү.


Иш-чаранын максаты — аялдарга өздөрүнүн мыйзамдык укуктарын түшүндүрүү жана зарыл учурда аларды коргоо жолдорун үйрөтүү болду.


Семинардын жүрүшүндө катышуучулар үй-бүлө жана нике укуктары, ажырашуу жана балдардын укуктары, алимент өндүрүү жана аталыкты аныктоо тартиби, аялдардын мураска болгон укуктары, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргонуу чаралары жана мамлекеттик колдоолор тууралуу кеңири маалымат алышты.


Өз сөзүндө Аскат Советбек уулу аялдардын укуктарын коргоо өлкөнүн укуктук жана демократиялык өнүгүшүнүн ажырагыс бөлүгү экенин баса белгилеп, аялдарды өз укуктарын активдүү билүүгө, коргоого жана укуктук жардам алууга чакырды.


 Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы


Замирбек Ормонов