Сүлүктү шаардык сотунун төрагасы Акылбек Турусбеков Сүлүктү шаарындагы №9 орто мектебинин бүтүрүүчү класстарынын окуучуларына “Ар бир кесип ардактуу” темасында лекция окуду. Лекциянын максаты — жаштардын өз кесибин тандай алышына жана анын ардактуу экендигин түшүнүшүнө өбөлгө түзүү.
Лекцияда төрага жаштарга ар кандай кесиптин маанилүүлүгүн жана алардын коомдогу ордун түшүндүрүп, ар бир адамдын өзүнүн иши менен өз өлкөсүнө, үй-бүлөсүнө жана коомго кошкон салымынын баалуу экендигин белгиледи.
Акылбек Турусбеков, өз сөзүндө, жаштардын ар кандай тармактарда ийгиликке жетиши үчүн өз билимин, эмгегин жана ынтаасын арнап, ар бир кесипти сыйлап, алардын жогорку деңгээлде аткарылышына ишениши керектигин белгиледи. Мындан тышкары сот тутумунун кызматкерлеринин иши менен тааныштырып, жаштардын адилеттүүлүк жана калыстыкка негизделген кесиптерге да кызыгуусун арттырууну каалады.