KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Сүлүктү шаардык соту укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

17 марта 2026

Жыйынга Сүлүктү шаардык сотунун төрагасы А.Дж.Турусбеков, Сүлүктү шаарынын прокурору Э.Т.Данапияев жана Сүлүктү ШИИБинин башчысы С.Ш.Салимбеков баштаган өздүк курам катышты.



Жыйындын жүрүшүндө кызматтык ишмердүүлүктө орун алган айрым кемчиликтер жана мүчүлүштүктөр талкууланып, аларды жоюу жана келечекте мындай учурларга жол бербөө боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Ошондой эле мыйзамдуулукту сактоо, кызматтык тартипти чыңдоо жана жарандардын укук-эркиндиктерин коргоо багытындагы иштерди күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.



Мындан тышкары, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында профилактикалык иштерди күчөтүү, калк менен түшүндүрүү иштерин активдештирүү жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен өз ара кызматташууну жакшыртуу боюнча сунуштар айтылды.



Соңунда белгиленген милдеттерди так жана сапаттуу аткаруу, ошондой эле коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча иштерди мындан ары дагы күчөтүү зарылдыгы белгиленди.