KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган иш-чара болуп өттү

17 марта 2026

5-март — Сот кызматкерлеринин кесиптик күнү Баткен облустук сотунда салтанаттуу белгиленди. Майрамдык иш-чарага судьялар жана сот аппаратынын кызматкерлери катышты.



Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен облустук сотунун төрагасы Азамат Алдашов сөз сүйлөп, сот системасынын коомдогу орду жана жоопкерчилиги тууралуу айтып, сот адилеттигин камсыздоодо кызматкерлердин эмгеги өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Ошондой эле бардык сот кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.



Салтанаттын алкагында сот тармагында үзүрлүү эмгектенип жаткан бир катар судьялар жана аппарат кызматкерлери Ардак грамоталар жана Алкыш барагы менен сыйланышты.



Майрамдык иш-чара жылуу маанайда өтүп, сот тармагында эмгектенген кызматкерлерге көрсөтүлгөн сый-урматтын белгиси болду.