Сот органдарынын ишине коомчулуктун баасын угуу жана жарандар менен болгон байланыштарды бекемдөө максатында Баткен облустук жана жергиликтүү соттордун имараттарында атайын QR код онлайн-сурамжылоо стендттер орнотулган.
Бул жөн гана маалымат тактасы эмес, бул — Сиздин үнүңүз! Эми ар бир жаран соттун босогосун аттагандан баштап, сот отуруму бүткөнгө чейинки тейлөө деңгээлин баалай алат.
Ар бир жаранга сот системасынын ишмердүүлүгү боюнча өз пикирин ачык жана эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Сурамжылоо QR-код аркылуу өтүп, катышуу үчүн көп убакыт талап кылынбайт.
Жаңы система жөнөкөй принципке негизделген, сот имаратына жайгаштырылган QR-кодду смартфон аркылуу сканерлеген жаран атайын онлайн сурамжылоого өтөт. Ал жерде сот процессинин жүрүшү, кызматкерлердин мамилеси, маалымат берүү деңгээли жана жалпы уюштурулушу боюнча баа берип, өз пикирин калтыра алат. Сурамжылоо анонимдүү түрдө жүргүзүлүп, жарандардын эркин ой-пикир билдирүүсүнө шарт түзөт.
Сиздин активдүү катышууңуз сот адилеттигин чыңдоого, иштин сапатын жогорулатууга жана коомдун сотко болгон ишенимин арттырууга маанилүү салым болуп саналат.




