Жарандык сот өндүрүшү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Жарандык иштер боюнча мыйзамдуу жана негиздүү чечимдин кабыл алынышы негизинен доо талаптын туура коюлушуна жана доо арыздын мыйзам талаптарына ылайык даярдалышына түздөн-түз байланыштуу болот.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 11-беренесине ылайык сот жарандык иштерди тараптар тарабынан коюлган талаптардын чегинде гана карайт. Бул принцип жарандык сот өндүрүшүндө диспозитивдүүлүк принциби деп аталат.
Аталган принциптин маңызы – сот талаштын предметин өз демилгеси менен өзгөртпөстөн, тараптар кандай талап коюп кайрылса, ишти ошол талаптын алкагында гана кароого милдеттүү экендигинде.
Ошондуктан жарандык процессте талаштын предмети доо арызда көрсөтүлгөн талап аркылуу аныкталат.
Доогер сотко кайрылууда өз талабын туура аныктоого, доону өзгөртүүгө же тактоого, доодон баш тартууга, элдешүү келишимин түзүүгө укуктуу.
Ошол эле учурда доогер өз талаптарын негиздөөчү далилдерди берүүгө милдеттүү. Анткени мыйзам боюнча сот талашты тараптар аныктаган чектерде гана чечет.
Доонун предметин туура аныктоо доогердин укуктарын сот аркылуу натыйжалуу коргоонун негизги шарттарынын бири болуп саналат.
Тилекке каршы, Баткен облусунун соттук практикасы көрсөткөндөй, бизде айрым учурларда жарандар же юридикалык жактар сотко кайрылууда талаштын чыныгы укуктук табиятын туура аныктабай, доо талаптарын туура эмес формулировкалап, процесстик кодекстин доо коюу бөлүгүнүн талаптарын бузуу менен сотко кайрылган учурлар көп эле кездешет. Бул жагдай талаш маселенин өз учурунда туура жана так чечилишине тоскоолдук жаратат.
Ар бир райондук сотто процесстик кодекстин талаптарына ылайык, никени ажыратуу, алимент өндүрүү, карызды өндүрүү өңдөнгөн жөнөкөй доо-талаптар боюнча доо арыздардын үлгүлөрү бар. Анда доо арыздын формасы жана мазмуну (жарандык процесстик кодекстин 134-беренесине ылайык), доо арызга тиркелүүчү документтер (135-беренесине ылайык) көрсөтүлгөн.
Ушул талаптар сакталбастан берилген доо арыздар сот тарабынан кыймылсыз калтырылып, сот тарабынан белгиленген мөөнөттө кетирилген мүчүлүштүктөр оңдолбосо, доо арыз кароосуз кайтарылып берилет.
Соттук практикадан мисал: бир нече жаран «…..реестр тизмесин жараксыз деп табуу жана доогерлерди пай мүчөлөрү деп таап берүү” жөнүндө доо арыз менен сотко кайрылган. Доо арыз райондук сот тарабынан доо арыздын мүчүлүштүктөрүн жоюуга убакыт берилип, кыймылсыз калтырылып, жыйынтыгында мүчүлүштүктөр жоюлбагандыгына байланыштуу кароосуз калтырылган.
Себеби: доо арызга кээ бир доогерлердин кол тамгалары коюлган эмес, кээ бирлеринин өздүгүн тактаган документтеринин көчүрмөсү тиркелген эмес.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 135-беренесинин талаптары сакталбастан берилген доо арыз боюнча доогер тарап райондук соттун берген көрсөтмөсүн аткарбагандыктан, доо арыз ага тиркелген документтер менен бирдикте кайтарылган.
Бул учурда доогер тараптын доо берүү укугу сакталат, ал кетирилген кемчиликтерди жоюу менен кайрадан сотко доо арызын берүүгө укуктуу.
Жарандык процесстик кодекстин 138-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, доо арызды кароосуз кайтарып берүү жөнүндөгү аныктама даттанууга жатат.
Бирок, доо арыз берүүдө кетирилген кемчиликтер сот тарабынан көрсөтүлүп жаткан учурда, ал кемчиликтерди четтетүүнүн ордуна аныктамага даттануу келтирүүнүн кажети барбы?. Жок. Анткени апелляциялык инстанциядагы сот ошол эле процесстик кодекстин талаптары менен иш жүргүзөт. Бул маселени жарандар, юридикалык жактардын юристтери (өкүлдөрү) билүүлөрү зарыл.
Доо талаптын туура коюлушу жана туура негизделиши иштин ийгиликтүү чечилишинин бирден бир шарты.
Тилекке каршы, талаш маселеде мыйзамдык укукка ээ болгон тарап доо талабын туура аныктап, туура койбогон учурда чыгарылган чечим тууралуу терс пикир жаратып, анын себебин аныктагысы келбейт.
Ушундай жагдай боюнча соттук практикадан мисал катары жаратылыш коругунун аймагындагы жер участогун пайдаланууга байланыштуу талашты келтирүүнү туура деп таптым.
Иш боюнча доогер юридикалык жак сотко жоопкерди үй-бүлө мүчөлөрү менен «жаратылыш коругунун аймагынан чыгаруу» жөнүндө доо талап менен кайрылган.
Бир караганда бул талап түшүнүктүү көрүнгөнү менен, иштин жагдайларын талдоо анын укуктук табияты башкача экендигин көрсөтөт. Доо арызда жоопкер жаратылыш коругунун аймагындагы жер участогун тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз пайдаланып келгендиги көрсөтүлгөн.
Башкача айтканда, жоопкердин аракеттери жаратылыш коругунун аймагын пайдалануунун мыйзамда белгиленген тартибине каршы келип, коруктун ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан.
Жаратылыш коругу – бул өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы болуп эсептелет жана мындай аймактар мамлекеттик коргоодо турат. Мыйзамга ылайык мындай жерлерде белгиленген тартиптен тышкары жашоо же курулуш жүргүзүүгө жол берилбейт.
Демек, бул иште талаштын негизги маңызы жаратылыш коругунун аймагындагы жер участогун мыйзамсыз пайдаланууну токтотуу маселеси болгон.
Андыктан доогер тарап «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагына кирген жер участогун мыйзамсыз пайдаланууну токтотуу жана жер участогун бошотуу жөнүндө», же «Жаратылыш коругунун аймагындагы жер участогун мыйзамсыз ээлөөдөн бошотуу жөнүндө» доо арыз менен кайрылуу мүмкүнчүлүгү бар болгон.
Доо арыздын мындай формулировкасы талаштын укуктук табиятын так чагылдырып, сотко ишти туура материалдык укук нормаларынын негизинде кароого мүмкүнчүлүк бермек.
Бирок, доогер «Жоопкерди үй-бүлө мүчөлөрү менен жаратылыш коругунун аймагынан чыгаруу» жөнүндө доо талап койгондуктан, райондук сот тарабынан маселени чечүү татаалдашкан.
Сот адилеттигинин сапаты көп жагынан доо талаптын туура аныкталышына жана доо арыздын процесстик-укуктук ченемдерге ылайык даярдалышына көз каранды.
Ушуга байланыштуу, жарандарга, юридикалык жактардын юристтерине жана адвокаттарга сотко кайрылууда талаштын укуктук табиятын кылдат талдап, доо талапты процесстик нормаларына ылайык так жана туура аныктоону сунуштайм.




