KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Укук бузуулар кодексиндеги өзгөртүүлөрдү талкуулоо боюнча кеңешме болуп өттү

20 ноября 2024

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу Сүлүктү шаарындагы ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, участкалык инспекторлору, жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлдөрүнө иш чараларды жакшыртуу, ошондой эле укук бузуу протоколдорун туура жана мыйзамдуу толтуруу жөнүндө түшүндүрмө иштери өткөрүлдү.



Кеңешменин жүрүшүндө Сүлүктү шаардык сотунун төрагасы Урматбек Садыков Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, тигил же бул укук бузуу боюнча иштерди сотко өткөрүүдө протоколдорду толтуруунун жол жоболору тууралуу кеңири түшүндүрмө берип, келип чыккан суроолорго жооп берди.



Кеңешменин өзөгү укук бузуулар боюнча иштерде, күч түзүмдөрүнүн ортосунда мыйзам талап кылгандай бирдиктүү иш алып барууга багыт берүү максатын аркалады.