KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Укуктук сабаттулукту жогорулатуу максатында Баткен шаарында окуучуларга ачык лекция өткөрүлдү

05 декабря 2024

Баткен райондук сотунун төрагасы Дуйшенкул Шатманов Баткен шаарындагы Сыдык Айтматов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө ачык сабак өткөрдү.



Иш чарага Баткен районунун прокурорунун жардамчысы Мирлан Нурматов жана Баткен ШИИБнун ЖИИнун улук тескөөчүсү Гулзат Бектурсунова катышты.



Ачык сабактын жүрүшүндө жогорку класстардын окуучулары үчүн «Жашы жете электердин жоопкерчилиги» – деген темада лекция окулду.



Ошентип, мектеп окуучулары өздөрүнүн укуктары жана милдеттери, 18 жашка чыга элек адамдардын укук бузуулар жана кылмыш жоопкерчилигинин түрлөрү жөнүндө маалымат алышты. Ошондой эле райондук соттун төрагасы өзүнүн соттук тажрыйбасынан реалдуу мисалдарды келтирди.



Дуйшенкул Шатманов белгилегендей, жолугушуунун негизги максаты- окуучуларга укуктук билим берүүнү уюштуруу, укуктук аң-сезимди жана мыйзамды сактоо жүрүм-турумуна тарбиялоо болуп саналат.



Ачык сабактын темасы окуучулар арасында чыныгы кызыгууну жаратып, активдүү катышуучулар өздөрүн кызыктырган юридикалык мүнөздөгү суроолорду берип, аларга ар тараптуу, квалификациялуу жоопторду алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарышкан жок. Ошондой эле мектеп жетекчилиги сот тутуму жана укук коргоо органдары менен кызматташуунун окуучулар үчүн чоң пайдасын белгилешти.