2025-жылдын 1-ноябрында Баткен областынын Сүлүктү шаарында Баткен областынын жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча мелдеш өттү.
Мелдеш Сүлүктү шаардык соту тарабынан өткөрүлдү. Жалпысынан таймашта областтык соттун, шаардык жана райондук соттордун жана Баткен областтык Сот департамент башкармалыгынын жана сот приставдар кызматынын кызматкерлеринен түзүлгөн 8 команда ат салышты.
Бул иш чаранын башкы максаты спортту, сергек жашоо образын жана сот тутумундагы кызматкерлеринин арасында достук жана спорттук алаканы бекемдөө болуп саналат.
Мелдештер жогорку маанайда өтүп, катышуучулар өз ара достук жана ынтымакта атаандашып, жалпы жамааттын бирдиктүү экенин дагы бир жолу айгинелешти. Жыйынтыгында жеңүүчү болуп Сулүктү шаардык сотунун кызматкерлеринен түзүлгөн команда жарыяланды.
Иш чаранын аягында Баткен облустук сотунун судьясы Бактыбек Султаканов турнирдин жеңүүчүлөрүн куттуктап, спорттук мелдештин бардык катышуучуларына терең ыраазычылык билдирип, кызматкерлер арасында кичи-футбол боюнча оюндар мындан ары да улантыларын билдирди.




