KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Баткен областтык сотунда коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу жана этика маселелери талкууланды

10 февраля 2026

Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басары Жаналы Батырбековтун жетекчилиги алдында коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу жана сот кызматкерлеринин кесиптик этикасын бекемдөө багытында жумушчу жыйын өткөрүлдү.


Иш-чаранын жүрүшүндө коррупциялык иштерди болтурбоо, мыйзам бузуулардын алдын алуу, сот кызматкерлеринин жүрүм-туруму, этикалык жана кесиптик нормаларды так сактоосу, кызматтык милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткаруусу негизги тема катары талкууланып, коррупцияга жол бербөө жана анын кесепеттери жөнүндө катышуучуларга эскертилди.


Иш-чаранын соңунда төраганын орун басары адилеттүүлүк жана мыйзамдуулукту сактоо — сот системасынын коомдогу аброюн камсыздоонун негизи экенин баса белгиледи.