KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Баткен облустук сотунда «Манас угуу декадасы» алкагында иш-чара өттү

17 ноября 2025

Баткен облустук сотунда «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында «Манас угуу декадасына» арналган иш-чара уюштурулду. Иш-чарага Баткен областтык Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын актёру жана манасчы Айбек Жунусов конок катары катышты.


Ал катышуучуларга «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтып, эпостун тарыхый маңызы, мазмуну жана тарбиялык багыты тууралуу кеңири маалымат берди.


Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер эпос тууралуу кызыктуу маалыматтарды угуп, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.


Соңунда облустук соттун төрагасы Азамат Алдашов иш-чаранын кызматкерлер үчүн пайдалуу болгонун белгилеп, Айбек Жунусовго мазмундуу баяндамасы үчүн ыраазычылык билдирди.