Сүлүктү шаардык сотунда сот кызматкерлеринин балдарынын жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалимдери Ысмайыл Эралиев жана Зымырат Карыбекованын катышуусунда «Манас» угуу декадасынын алкагында иш-чара уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” унгужолдун түшүнүгү, кыргыз элинин тарыхын, каада-салтын, эрдик сапатын, улуттук баалуулуктары жөнүндө маалымат алышты. «Манас» эпосунан үзүндүлөр айтылып, Манастын образы, анын достору, душмандары жана алар менен болгон күрөшү тууралуу кеңири баяндалды. Айрыкча жаштардын суроолоруна жооп берүү менен эпостун тарбиялык мааниси терең түшүндүрүлдү.
Ошондой эле сот кызматкерлеринин балдарынын арасында «Манас» айтуу жана «Манастын руху-улуттук дем жана улуттук нарк» аттуу сүрөт тартуу боюнча кызыктуу сынактар уюштурулду.
Соңунда Кыргыз Республикасына эмгек синирген тарых мугалими Ысмайыл Эралиев батасын берип, жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга ийгилик каалады.




